Аталган базар буга чейин, 2017-жылы ачылып белгисиз себептер менен жабылып калган. Бул ирет толугу менен оңдоп -түзөө иштеринен өткөрүлүп, жалпы аянты 4 гектар жерди ээлейт. Базардын айланасы толугу менен асфальтталып, унаа токтотуучу жайына чейин шагыл төшөлгөн.
Үч миң соода орундары даярдалып, атайын аянтчалар курулду. Кышкысын темир контейнерде тоңуп кыйналышпайт. Андан сырткары сатуучулар жана кардарлар үчүн санитардык нормаларга жооп берген бардык шарттар түзүлгөн. Мамлекет тарабынан ачылган бул базарда орундуктар сатылбайт.
Кыргыз Темир Жолу ишканасынын карамагында ачылган базардын жетекчиси Жеңишбек Апсаматов тарабынан маалым болгондой, байлар тарабынан «мага мынча орун бер,сат» деп кайрылуулар көп болуп жатат. Эң жакшы жери Дыйкан базарында соода орундуктары бекер берилет экен жана сатылбайт.
Ошондой эле аталган базарда сатылган азык-түлүккө болгон баа көзөмөлгө алынат. Өзүм билемдик кылып каалаган бааны коюп сатууга жол берилбейт.
Ушул ишемби-жекшемби күндөрү базарда атайын ярмарка болуусу күтүлүүдө. Анда шаар тургундары күнүмдүк жашоого керектүү жашылча-жемиштерди арзан баада сатып алса болот.
Бүгүнкү иш-чарага Ленин районунун акими Тагаев Руслан Таштанбекович катышып журналисттерге маалымат берди. Ал өз сөзүндө базарга чейин коомдук унаа каттайт,сөзсүз түрдө жаңы линия жүргүзөбүз деп баса белгиледи. Акимдин айтуусу боюнча бардык каалоочулар бүгүндөн тарта бул базардан бекер орун алып иштесе болот. Ошондой эле жалпы шаар тургундарын ыңгайлуу, бардык шарты бар базардан соода кылууга чакырды.