Бишкекте 1-ноябрдан тартып коомдук транспортто пенсионерлер үчүн жол кире акысы 8 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу  Бишкек шаардык кеңешинин сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, саат 08:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден ашпаган кичи автобуста жүргүнчүнүн сүрөтү, аты-жөнүн көрсөтүү менен персоналдаштырылган транспорттук картасы бар пенсионерлер үчүн жол кире акысы 8 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-ноябрдан тартып менчигинин түрүнө карабастан кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден жогору болгон троллейбус жана автобустарда жүрүүнүн акысы 11 сом, кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден аз болгон маршруттук таксилерде жана автобустарда жүрүү 15 сомго кымбаттайт.