Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан секирген жигит  менен эки психолог иштеген, бирок натыйжа болгон эмес. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 12:30дар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматына өзүнүн жанын кыюуга аракет көрүп жаткан жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМдин 10 адамдан турган куткаруучулары, анын ичинде эки психолог жана бир тез жардам бригадасы дароо жерине чыгып кетишкен.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору жигит менен тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүп сактап калууга аракет кылышкан. Жигит куткаруучуларга жана психологдорго өз жанын кыюу үчүн чечим кабыл алганын билдирген. 4 сааттык сүйлөшүүдөн кийин жанын кыюуга аракет жасаган жаранды ӨКМдин психологдору көндүрүп, ал аларды көздөй бет алган. Бирок күтүүсүздөн бурулуп 9-кабаттан секирип кеткен. Бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлөт »,- деп айтылат билдирүүдө.