4-стадиядагы эмчек безинин рагы менен жабыркап келген 24 жаштагы кыргызстандык Алина Батурова кызы менен көрүшпөстөн бүгүн эртең менен көз жумду. Бул тууралуу «Ради Жизни» кайрымдуулук фондунан билдиришти.

Белгилей кетсек, метастаздар кыздын мээсине, бооруна жана өпкөсүнө кеңири жайылып кеткен.

Анын өлүм алдында акыркы каалоосу Жамбыл облусунун Кордай районунда атасы менен жашаган 5 жашар кызы Инжу Батурова менен көрүшүү болгон.

Өз кезегинде, кыздын мурдагы күйөөсү, Казакстандын жараны Алина Батурованын кызы менен байланышуусуна тоскоолдук кылып, байланышка чыкпай, кызды апасына алып келүүдөн баш тарткан.

Батурованын жакындары жардам сурап маалымат каражаттарына кайрылган.

Кийинчерээк КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте жубайлардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жардам көрсөтүүгө убада беришкен, бирок үлгүрүшкөн жок.

Булак: «Кабар» кж