Ушул жылдын акыркы 9 айында өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 29,2 пайызга көбөйүп, 5 миң 437ди түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.
Анын айтымында, акыркы 9 айда жол кырсыгынын кесепетинен 587 адам каза болгон.
Исраилов кошумчалагандай, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө тажрыйбасыз айдоочулардын арасынан жол эрежесин бузгандардын көбөйүшү, көчөдөгү жарыктандыруунун начардыгы, жолдордун тыгыны себеп болууда.