Оңдоо-түздөө иштеринен кийин “Дыйкан базары” ачылып, айыл-чарба продукциясы арзан баада мурдагыдай иш алып барат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин районунун акими  жана “Дыйкан базарынын” жетекчилиги жергиликтүү басылмаларга маалымат берди.

Руслан Тагаев, Ленин районунун акими:

— Бишкек шаарынын тургундарына кайрылып, борбордо жер-жемиш саткан  Дыйкан базары ачылгандыгы тууралуу маалымат берейин. Бул базарга келип айыл чарба продукциясынын баардык түрүнө соода кылсаңыздар болот. Ош базардын Токтогул көчөсүндө ачык асманда, эч шарты жок жерде  жер-жемиш сатып отурган соодагерлер “Дыйкан базарына” келсе болот. Бул жерде орундар бекер, кенен. Бул “Дыйкан базарын”  Бишкек шаарынын тургундары  билишет. Себеби,  бул базар мурда абдан жакшы иштеген жана баалары да арзан болчу. Анын  бир нече жыл эмне себептен жабылып калганы тууралуу  так маалыматым жок.  Убагында ал “Сары Өзөн” базарына которулуп кеткен, азыр “Дыйкан базары” кайрадан ачылылып, мурдагыдан да жакшы шартта иштей баштады.

Бул жерде биздин да, эч кимдин жеке кызыкчылыгыбыз жок. Ленин районунун акиминин же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар деген ойдон алыс болуңуздар.   Эми Дыйкан базарында соодагерлерге жана сатып алуучу кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн баардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Базарда баардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү, унаалар үчүн атайын орундуктар бар,  эч кандай кыйналбай ар кандай унаалар кирип чыга турган шарттар  даярдалды.  Мындай баардык шарты ыңгайлашкан жаңы базар жакшы жыйынтыгын берет деген үмүттөбүз.

Ошондуктан соода жасап,  ушул тармакта жүргөндөрдү  жана Бишкек шаарынын жашоочуларын  базарга чакырабыз. Азыркы учурда “Дыйкан базары” оңдолуп, баардык шарты менен соодагерлерди күтүп жатат, сатканга орундар кенен.  Ушул жерде жер-жемиштерин сата беришсе болот. Бул жерде дүңүнөн жана чекене баада баардык жемиштер сатылат.

“Дыйкан базарынын” жетекчиси Жеңишбек Апсаматов:

-Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борборго жакын жайгашкан айыл аймактарынын тургундары, жети облустагы бардык соодагер, дыйкандарга кайрылабыз. Мурунку иштеп кайра жабылган “Дыйкан базары” мамлекет тарабынан кайра ачылды. Бул базар карапайым элдики.  Бул эч кандай жеке фирма же жеке  бир адамдын кызыкчылыгы  эмес.  Базар “Кыргызтемир жолунун” балансында болгондуктан  мамлекетке карайт. Президентибиз Садыр Жапаровдун элге, соодагерлерге жакшы шарт түзүп берүү аракети. Азырынча соода орундуктары бекер, орундар соодагерлер үчүн даяр.  Бул жакка келип, соода жасайын дегендер келип, орун канчадан сатылат деп сурап жатышат.  Мурда ушундай  базардагы орундарды сатып алып, көнүп калышкан. Азыр орундар сатылбайт, убактылуу бекер, ижара акысы декабрь айынан баштап төлөнөт. Соодагерлерге, дыйкандарга, фермерлерге кайрылабыз,  “Дыйкан базарына” келип, бекер орундук алып, товарлары менен келип, соода сатык иштерин жүргүзсө болот. Декабрь айына чейин ижарага акча алынбайт. Андан кийин мамлекет атайын тариф коюп берет, ошого жараша төлөм болот. Ал дагы арзан баада болот. Башка менчик базарларга караганда ижара акысы алда канча арзан.  Мурда  буга чейин ар кандай фирма, жеке менчик  жана башка жетекчилик иштеп кеткен.  Алар бул мамлекеттин жерин соодагер, фермерлерге чоң суммаларга саткан. Ошондон улам эл орун сатылабы деп чочулап калышкан экен. Дагы бир жолу айтам, орундуктар сатылбайт! Эч кандай коррупция иштери болбойт!

-Канча адам соода жасай алышат, канча орундукка ылайыкташтырылган?

-Базар  баарын батырат. Колдон келишинче бул жерде  түзүлгөн жаңы,  жакшы шарттар бар, таштандылар төгүлчү,  таштандыларды тазалачу шарттар каралган. Келечекте келген кардарларга, бул жакта иштеген соодагерлерге баардык  ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенге дагы аракеттерди көрүп жатабыз.

-Бул жакта шаарыктар үчүн атайын жарманкелер болуп турабы?

-Шаардын тургундарына кайрылып кетебиз, ушул дем алыш күндөрү,  30-31-октябрда жарманкеге келип, азык-түлүк  продукцияларын  арзан баада сатып алып кетишсе болот.  Ар бир дем алыш күндөрү жарманке уюштурулат.

Көчөдө үстү ачык турган базарга барбай  баардык шарты бар, үстү жабык турган базарга келиңиздер деп чакырабыз.

-Мурда  бул базарда тизилген чоң КаМАЗдар келип дүңүнөн жер жемиштерди сатып кетишчү. Азыр  аларга да шарт түзүлгөнбү?

-Атайын чоң унаалар үчүн да, дүңүнөн сата тургандар, ошол эле учурда чекене баада сата тургандарга да ылайыктуу орундар бар. Бул жерде айыл чарба продукциялардын баардык түрүн сатса болот.