Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан жалпы салмагы 19 тонна 238 кг жол сумкалары, байпак, бекиткичтер жана сыдырмалар – анык эмес декларацияланган товарлар аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, наркы 9 млн 284 миң 294 сом болгон товарлар “Д.Г.Ю.” ЖЧКнын дарегине келген.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө тийиштүү төлөмдөрдүн алдын ала суммасы 1 млн 957 миң 658 сомду түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.