Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдан жалпы 330 талапкерди каттады. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, Боршайкомго алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдан 387 арыз келип түшкөн.

“Талапкерлердин айрымдары арызын кайтарып алды, кээ бирлери шайлоо фондун туура эмес ачкан же такыр эле ачкан эмес, ошондой эле документтерди тапшыруудагы катачылыктар болгон”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.