Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл аймагына караштуу Озерное айылында эки кабаттуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.

Маалыматта ылайык, мектептин курулушу мындан эки жыл мурун башталган. Окуу имараты 375 окуучуга ылайыкталган.

«Мектеп замандын талаптарына жооп берет. Анда кабинеттик системада окууга толук шарттар түзүлгөн. Химия, физика, биология, информатика, лингвистика, технология кабинеттери талаптагыдай жасалган. Спорт залы, жыйындар залы, ашканасы, китепканасы жана технология бөлүмдөрү бар. Сыртта волейбол, баскетбол, футбол аянтчалары курулган», — деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө 192 орундуу эски мектепте жана 375 орундуу жаңы мектепте жалпысынан 2250 окуучу билим алып жатат.