Президент Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун башында Мамлекет башчысы Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, боордош мамлекет экендигин белгилеп, тараптар туура 30 жыл мурун түптөлгөн мамлекеттер аралык катнаштардын мыкты салттарын улантып жатканын кошумчалады. Ал кыргыз-түрк саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгарына үмүт артты.

Садыр Жапаров ноябрь айында Стамбул шаарында пландалып жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-жыйынынын алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын белгиледи.

Өз кезегинде ТОВВ президенти Рыфат Хисаржыклыоглу чакырууга ыраазычылык билдирип, Мамлекет башчысына Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоп жана Кыргызстанды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Рыфат Хисаржыклыоглу түркиялык инвесторлордун кызматташууга жогорку кызыгуусун жана Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.