Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында Кыргызстандын бюджети «Кумтөрдүн» аркасы менен профицитке ээ болгонун билдирди.

«Кумтөр» болжол менен эки айда 90 миллион доллар киреше тапкан.

«Өзүңөр билесиңер, биз былтыр октябрь айында бийликке келгенибизде, айлыкты, социалдык жөлөк пулду, эч нерсени төлөй алышпайт деп айтышкан болчу. Андай болгон жок. Бардык бюджеттик көрсөтмөлөр жабылды. Андан сырткары, бюджеттин профицити 564 миллион сомду түздү. Башкача айтканда, бул кошумча акча. Эгер өткөн жылдын бюджети 162 миллиард сом болсо, буюрса келерки жылы бюджетти 220 миллиард сом менен жабабыз.

Айлыктар, социалдык жөлөкпулдар да көбөйүүдө. Аскер кызматкерлеринин маянасы 50%га, ички аскерлердин маянасы 40%га, социалдык төлөмдөр 2000 сомдон 4000 сомго көтөрүлүп, ал эми 4000 сом алгандар октябрдан тарта 6000, 6000 сом алгандар 1-январдан тарта 8000 сомдон ала башташат «, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал бул акчалардын баары кайдан келип жатканын айтты. Анын айтымында, акыркы эки айда Кумтөр өлкөнүн кирешесине 90 млн сом алып келген.

«Мунун бары кайдан келип жатат деген суроо туулушу мүмкүн. Түшүндүрө кетейин. 21 жылдын ичинде «Кумтөрдөн» 84 миллион доллар пайда алыптырбыз. Ал эми биз эки айда эле (июнь-июль айларында) 90 миллион доллар киреше таптык. Буга чейин Кыргызстандын байлыгы талап-тонолуп, уурдалып жүргөн. Биз алардын коррупциялык схемаларынын бетин ачтык. Кумтөр айына 1,5-2 тонна алтын алып турса, ошону ар айда учак менен экспорттоп турушкан. Бүгүнкү күндө бир грамм да алтын өлкөдөн чыгарылбай жатат. Ушундан улам биздин Кыргызстанда акча пайда болуп, буюрса байып калды», — деп кошумчалады УКМКнын башчысы.

Ал ошондой эле Кумтөрдөн тышкары башка тоо-кен компанияларында коррупциялык иштердин бети ачылып жатканын баса белгиледи.