Бишкектеги «Империя пиццы» кафелер тармагындагы массалык уулануу фактысы боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, уулануу фактысы боюнча бардык чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Эскерте кетсек, бир нече күн мурун «Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланган факт катталган. Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында тамактан уулангандардын жалпы саны 318 адамга жетти.

Алардын ичинен 22 жабырлануучу стационардык дарылануусун улантып жатат, анын бешөөсү балдар. Улуттук госпиталда – 3, балдар ооруканасында – 5, темир жол ооруканасында – 14 адам.

Бишкекте тамактан массалык уулануу окуясына байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет.