Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык транспорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардык транспорт кызматтарында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

«Сиздер шаарыбыздагы, өлкөбүздөгү эң орчундуу көйгөйлөрдү чечүүдө чоң жумуштарды аткарып жатасыздар. Анткени жашоону унаасыз элестетүүгө болбойт. Сиздер элдин турмушун жеңилдетип, алысты жакындатып, шаардыктарыбызды көздөгөн жерине жеткирип, кызмат көрсөтүп келесиздер. Талыкпаган мээнетиңиздер, ак ниет эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем», — деди калаа башчысы.