Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча 321 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Аймактар боюнча талапкерлердин саны төмөндөгүдөй:

Баткен облусу – 37 талапкер;

Ош облусу – 59 талапкер;

Жалал-Абад облусу – 50 талапкер;

Талас облусу – 15 талапкер;

Чүй облусу – 63 талапкер;

Бишкек шаары – 27 талапкер;

Нарын облусу– 29 талапкер;

Ысык-Көл облусу – 41 талапкер.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.