Чүй облусу боюнча 11 миңден ашык окуучу сасык тумоо менен ооруп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук билим берүү бөлүмүнөн кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган оору менен жалпы 11058 окуучу ооруп жатат. Алардын ичинен 3546 окуучу Аламүдүн районунда, 3484 окуучу Ысык-Ата районунда катталды.

Облустагы жалпы 303 мамлекеттик мектептен 5 мектеп онлайн режимде окууга өттү. Алар: Аламүдүндөгү 3 мектеп, Жайыл районундагы 2 мектеп.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Ысык-Ата райондор аралык борборундагы эпидемиологиялык бөлүмдүн башчысы Акылбек Исаевдин айтымында, облус боюнча 4089 киши сасык тумоо менен катталды. Анын ичинен 933 адам Аламүдүн районунан, 950 киши Сокулук районунан, 235 киши Ысык-Ата районунан, 1059 киши Жайыл районунан, 164 киши Кемин районунан, 147 киши Москва районунан, 254 киши Панфилов районунан, 284 киши Чүй районунан, 63 киши Токмок шаарынан катталган.

Жаш курагы боюнча алганда, 4 жашка чейин 1030 бала, 5 жаштан 14 жашка чейин 1633 бала, 15 жаштан 19 жашка чейин 605 бала, 30 жаштан 64 жашка чейин 700 киши, 60 жаштан жогору 111 киши.

Социалдык абал боюнча бөлүп карасак, 1112 киши организацияларда иштегендер, 1446 адам мектеп окуучулары, 104 адам студенттер, 318 адам мамлекеттик кызматкерлер, 1159 бош адамдар.