1-5-ноябрь күндөрү Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаманбаев көчөсүндөгү орто басымдагы газ түтүгү жаңы колдонуучуларды кошуу үчүн өчүрүлөт.

Төмөнкү Жал кичи районунда, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Пожарский проспектиси, Садырбаев, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Ташкөмырская, Ажыбек Баатыр көчөлөрү менен чектешкен аймакта газ болбойт.

Компания жаратылыш газын берүүнү токтотуу коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн зарыл экенин тактады.