Активист Бакай Кашкарбаев 29-октябрда кармалганы тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматты Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин Жазык 344-беренесиндеги «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо», 355-беренесиндеги «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу» пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси — «Майда бейбаштыкка» шек саналууда.

Соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, Кашкарбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.