Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландия Глазго шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия Өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Ошондой эле, Садыр Жапаровдун чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.