Борбордук шайлоо комиссиясынын  мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин “Биринчи радиого” билдиргенине караганда партияларга концерттик жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, тоо боорунда саясий уюмдун аталышын жазууга тыюу салынат.

Андан тышкары, 18 жашка чейинки балдардын сүрөтүн колдонууга болбойт. 18 жашка чыга элек адамдар үгүт иштерине катыша албайт. Ошондой эле кварталдык комитеттердин башчылары  жана талапкерлердин жакындарына дагы үгүт иштерине катышууга уруксаат жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет парламенттин 7-чакырылышына 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык тизме менен 36сы бир мандаттуу шайлоо округунан шайланат.