Кара-Балта шаарында 50гө жакын кичи автобустун айдоочулары муниципалитеттин имаратында иш таштады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардык транспорттун айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылууда. “Азыр жол кире акысы 7 сом, ал эми иш таштагандар 13 сомго жогорулатууну талап кылууда”, — деп айтылат маалыматта.