Бишкектин Свердлов райондук соту активист Бакай Кашкарбаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы  билдирди.

Кашкарбаев Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-пункту (бийлик өкүлүнө коркунуч же зомбулук келтирүү), 344-берененин 1-бөлүмү (кылмыш жасалганы тууралуу жалган билдирүү), Жоруктар кодексиндеги 119-берене (майда бейбашчылык) боюнча шектелип кармалган.