Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарында (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгы) Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Канаданын Премьер-министри Жастин Трюдо менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган иш-чаранын алкагында Мамлекет башчысы Канаданын Премьер-министри менен жеке таанышуусу орун алды, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты.