Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Исландиянын премьер-министри менен жылуу учурашып, Кыргыз Республикасы исландиялык тарап менен бардык деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогго кызыкдар жана даяр экендигин белгиледи.

«Биз Исландиянын олуттуу суу энергетикалык потенциалга ээ экенин билебиз жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын жигердүү пайдаланып жатат», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө, экологияга жана мөңгүлөрдүн эришине каршы күрөшүү жаатындагы өз ара кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирди. Мамлекет башчысы исландиялык тарапка улуттук инвестициялык жана климаттык инвестициялык программаларды ишке ашыруу үчүн эки тараптуу форматта жана көп тараптуу механизмдердин, анын ичинде Жашыл климаттык фонд жана Климаттык инвестициялык фонддун алкагында кызматташууну бекемдөөнү сунуштады.

Өз кезегинде Исландиянын премьер-министри Кыргызстандын суу энергетикасын өнүктүрүү жана геотермалдык булактарды пайдалануу боюнча эбегейсиз потенциалы бар экенин, бирок өлкө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатканын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан өзүнүн суу энергетикалык потенциалынын 15% гана пайдаланып жатканын кошумчалады.

Ал белгилегендей, өлкөдө 200гө жакын кичи ГЭС жана 30 ири ГЭС курууга болот.

«Эгерде бул ГЭСтерди курсак, анда Кыргызстан толугу менен электр энергиясына өтүп, мазут же көмүрдөн баш тарта алат. Биз бул максаттарга 2040-жылга чейин жетүүнү каалайбыз», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Катрин Якобсдоуттир баса белгилегендей, Исландия Кыргызстан менен кызматташууга чоң кызыгуу көрсөтүүдө. «ГЭСтер жана геотермалдык булактарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү биздин адистер менен эксперттер Кыргызстанга жардам бере турган потенциалдуу багыттардын бири болуп саналат, анткени биз бул тармактарды жетишерлик жогорку деңгээлге койдук», — деди ал.

Андан ары тараптар билим берүү жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу, ошондой эле ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Катрин Якобсдоуттир өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.