Кечээ, 1-ноябрда Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев жетектеген КР Башкы прокуратурасынын делегациясы Азербайжандын Баку шаарында болуп жаткан Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу КР башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын башкы прокурорлорунун катышуусунда, Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун кеңеши жөнүндө Жобого кол коюлду.

Кеңештин негизги максаттары Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун өз ара кызыкчылыктары алкагында билим жана тажрыйба менен алмашуу, башкы прокурорлордун ортосундагы достук мамилелерди, кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо, ошондой эле кесиптик жактан даярдоо жана прокурорлордун кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Мындан сырткары, жыйындын алкагында Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун “Түрк тилдүү мамлекеттердин прокурорлорунун кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү ролу, реалдуу мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап чакырыктары” темасында эл аралык конференциясы болуп, анда башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасады.

Ошондой эле, К. Зулушев Азербайжандын башкы прокурору К.Алиев, Түркиянын башкы прокурору Б.Шахин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууда тараптар Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттеринин кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, өз-ара кызыкчылык туудурган кызматташтыкты өнүктүрүү маселелеринин оң динамикасын белгилешип, мындан ары бул багыттагы кызматташууну чыңдоо ниеттерин билдиришти.

Түркиялык кесиптеш менен жолугушуунун жүрүшүндө, К.Зулушев тарабынан Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин Түркия Республикасынын прокуратура жана юстиция Академиясынын окуу жайларынын базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын өтүүсүн кайра жандандыруу жөнүндө маселе көтөрдү.

Мындан тышкары, тараптар жолугушунун жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин Башкы прокуратуралары ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумду биргеликте иштеп чыгып ага жакынкы арада кол коюуга макулдашылды.

Маалымат үчүн: Түрк кеңеши — заманбап түрк мамлекеттерин бириктирүүчү эл аралык уюм жана мүчө-мамлекеттердин ортосунда ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү башкы максаты болуп саналат. Түрк кеңеши 2009-жылдын 3-октябрында Нахичеван шаарында түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Кеңешке мүчө мамлекеттер: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия.