Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районунда жана Гагарин көчөсүндө газ, ысык суу жана жылуулук берүү 5-октябрга чейин токтотулат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Жаратылыш газын берүү Жаманбаев көчөсү 8,1, 8/2 даректеринде жер алдындагы газ түтүгү оңдолуп жатканына байланыштуу убактылуу токтотулуп жатат.

Ремонт иштерине байланыштуу жылуулук менен ысык сууну да өчүрүп туруу чечими кабыл алынган.