Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын атынан Улуу Британияда өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитине катышуусу, күчтүү дүйнөлүк экономика жана көп векторлуу саясатты куруу үчүн эң сонун аянтча болуп саналат. Мындай пикирин Борбор Азиядагы тынчтык жана өнүгүү институтунун төрагасы, саясат таануучу Бакытбек Жумагулов билдирди.

Анын айтымында, бул Кыргызстандын «жашыл» экономикасын өнүктүрүүгө: ГЭСтерди, шамал станцияларын куруу жана өлкөнүн энергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган башка долбоорлорду ишке ашырууда каражаттарды тартуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

«Мындан тышкары, бул сапар республиканын тоо-кен тармагынын көйгөйлөрүнө эл аралык фонддордун көңүлүн буруу жана өлкөнүн экономикасына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн көйгөйүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени мөңгүлөр бир эле Кыргызстанды эмес, бүтүндөй Сырдарыя бассейнин камтыган маселе. Бул Нарын дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан мамлекеттердеги суу-энергетикалык кырдаалга байланыштуу. Демек, Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн көйгөйлөрү бүтүндөй Борбор Азия аймагына тиешелүү”, — деп жыйынтыктады эксперт.