Бишкекке Казакстандан апрелге чейин 643 миң тонна көмүр келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында «Электр станциялары» ишканасынын директору Талайбек Бектенов билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн келишимдин негизинде учурда Кара-Жыра кенинин көмүрү келүүдө.

“Учурда кампада жалпы 203 миң тонна көмүр бар. Борбор калаага Кавак кенинен 210 миң тонна, Казакстандан 268 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 6,5 миң тонна көмүр келген”, — деп айтты Бектенов.