Бүгүн, Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында 100 орундуу заманбап бала бакчанын пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бул айылдын бала бакчасы авариялык абалда болгондуктан 2017-жылы ӨКМдин комиссиясынын пайдаланууга жараксыз деген чечими чыккан. Бирок ошого карабай жамап-жаскап, 70 баланы тарбиялап келишкен. Маселе буга чейин көп жолу көтөрүлгөнү менен бүгүнкү күнгө чейин чечилген эмес.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын июнь айында Нарын облусуна болгон иш сапарында Кара-Булуң айылынын эли менен  жолугушуу учурунда көйгөй  көтөрүлүп, жагдайды түшүнгөн өлкө башчысы бала бакча маселесин чечип берээрин айткан.

Президенттин тапшырмасы менен республикалык бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнүп, 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды.

Курулуш ишин конкурстун негизинде «НАК Строй» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып, алгачкы жумуштарын баштады.

Курулушка капсула салуу аземине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров жана айыл тургундары, курулуш компаниясынын өкүлдөрү катышты.

«НАК Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эдилбек Усупбаевдин айтымында, кышка чейин курулуштун сапатына сууктун залакасы тийбегендей жумуштары жасала берет. Негизги жумуштар жаз алды менен башталып, күзгө чейин имарат пайдаланууга берилээри пландалууда.