3-ноябрда кечинде Бишкек шаарында кар жаап баштаган. Коммуналдык кызматтар түнкү саат 01:30дан тарта кырдаалга мониторинг жүргүздү, деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Саат 02:00дөн тарта жол «Тазалык» мекемесинин жол-эксплуатациялык тобу 37 даана техниканын жардамында жолду кардан тазалоо иштерин башташкан. Эртең мененкиге карата борбордун жолдоруна 354 тонна техникалык туз себилди.

«Тазалык» менен «Бишкек жашылдандыруу» мекемелери карды тазалоо иштерин улантууда. Шаар ичинде 657 адам тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.