Жакында эле КР Эмгек жана социалдык миграция министри Кудайберген Базарбаев КР майыптар коомунун  иштеп жаткан иштери менен таанышып, көрүп, аларга жардам берерин айтып кетти. Бул тууралуу КР Майыптар коомунун жетекчиси Шүкүрбек Кучкачовдон маалымат алдык.

“Биз жакында эле Кыргыз Республикалык майыптар коому КР Социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаевге кат менен кайрылуу жолдогонбуз”,- деди Шүкүрбек мырза.

“Ошол макулдашуудан кийин 2-ноябрь күнү  КР майыптар коомунун өндүрүш ишканасында  министр менен жолугушуу болуп өттү.

Министр Кудайберген Базарбаев келип майыптар коому иштетип жаткан  өнөр жайды, ар бир цехти, иштеген майыптардын жумушчу ордун баарын көрүп, таанышып,  ар бири менен сүйлөшүп, келечектеги максаттарыбызды, пландарыбызды айтыштык.

Жакында эле биздин коом долбоордон  майыптар үчүн алган автобусту, ага өз алдынча коляска менен кирип чыккан майыптарды көрүп, биздин ал ахыбалыбыз менен таанышты.

Андан ары жаш майыптар иштеген Сокулуктагы ишканасына барды.  Бул жерде Чүй облустук Жаш майыптар коому жетекчиси Эрнест Мыктыбек уулу  да мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын иштеген  жерлерин министрге көрсөтүп, тааныштырды.

Министр ал жакта  жаңы ачылган тигүүчү цехте көрдү.  Цехтерде иштеп жаткан жаш майыптардын жумушчу ордуларын көрүп, таанышып чыкты. Андан кийин жаңы бүтүп жаткан окуу борборуна барды. Бул борбордо иш кызуу жүрүп жатат. Ал жактагы жумушчулар менен таанышып, проектини карап, курулуп жаткан обьектинин баардык кабаттарын көрдү.

Биздин жакшы иштерди аткарып жатканыбызды баса белгилеп, өсүп жаткан экенсиңер деп, дагы жасай турган  биртоп иштерибиз бар экенин айтты. Министрлик кайрадан жаңы түзүлгөнүн, Министрлер кабинети  болгонун, жаңыча иш башталганын, Кудай буюрса  иш пландарга киргизип, демөөрчү таап,  бош жаткан жерлерге майыптар үчүн нан чыгаруучу, кондитердик цехтерди ачсакпы деген жакшы максат-пландарыбызды айтып, жардам берүүсүн сурандык.

Бизге балык эмес, кайырмак берүүсүн сурандык.

Бизге демөөрчү таап берип, жакшы максаттарды ишке ашырып,жакшы жабдыктарды алып, цехтерди  иштетип алсак  мындан да көп жумуш ордун камсыз кыларыбызды айттык.

Ал абдан кичи пейил жана жөнөкөй жакшы киши экен. Аны менен жолукканда майыптардын баардыгы кубанып, андай  жөнөкөй министрди көрө элек  болчубуз деп, жакшы маанайда калдык.  Министрдин  иштеп жаткан майыптардын жерине келип, алар менен баарлашканы дем бизге берди.

Министр да биздин  көп иштерди аткарып жатканыбызды көрүп ыраазычылыгын билдирди. Жакында өткөн долбоорубуздун алкагында алынып келген унааны, Германиядан делегациялар тууралуу айтып бердик.

Чындыгында Кыргызстанда майыптар боюнча көп коомдук уюмдар бар. Биз аларды туурабай,  өз алдынча реалдуу көп иштерди аткарып жатабыз. Министр Кудайберген Базарбаев кабинетке келип эле эмес, биз аткарып жаткан иштерибизди көрүп, таанышып кеткени майыптардын иштөөсүнө ого бетер шык жана дем бергендей болду, — деди Ш. Кучкачов.

Бул жолугушууга Республикалык ассосациянын президенти Мамбетакунов Калык Барыктабасович катышып бир Катар сунуштарын айттып,министрге ак жол каалады.

Эскерте кетсек, КР Майыптар коому бир топ жылдан бери бир нече цех ачып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуп, ишке орноштуруп, чет өлкөдөн ар кандай долбоорлорду жазып алгылыктуу иштерди аткарып келет.