Чүй жана Талас облустарында, Бишкекте электр энергиясын суткалык керектөө күн сайын өсүүдө. “Түндүк электр” ишканасы авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн үнөмдүү колдонууну өтүндү.

“Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча алынган техникалык шарттарга ылайык, таңда жана кечинде, тагыраагы, электр кубаты максималдуу түрдө пайдаланылган маалда керектөөчүлөр жылыткычтарды күйгүзбөшү керек. Ноябрда жарандар энергияны эртең менен саат 07:00дөн 10:00гө чейин, кечинде саат 18:00дөн 21:00гө чейин өтө көп колдонууда”, — деп айтылат маалыматта.