Кечээ, 4-ноябрда Бишкек шаарында жайгашкан көмүр сатуучу түйүндөрүндө мониторинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мониторинг учурунда Бишкек шаарынын Октябрь жана Свердлов райондорунда жеке ишкерлер көмүрдү 4800 сомдон 5200 сомго чейин сатып жаткандыгы аныкталды. Буга байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан административдик протокол толтурулуп, 2 айып салынды, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын аткарылышына 1 эскертүү берилди.

Бул багыттагы иштер улантылып, көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, текшерүүлөр КР министрлер кабинетинин 2021-жылды 11-октябрындагы №209 «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.