Талас ОИИБнин жетекчилиги 7-ноябрь-Басма сөз жана маалымат  күнүнө карата облустагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады.

Бул майрамдык иш-чарада  Марлис Асанов ИИМдин атынан “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалдарды, Ардак грамоталарды жана Талас ОИИБнин атынан Ардак грамоталар менен ыраазычылык каттарды,  белектерди тапшырып, келе жаткан кесиптик майрамдары менен куттуктады. “Заманыбызда илим технологиянын  өнүгүүсү күчөп  жаткан учурда сиздер аркылуу журттун калың катмарына маалымат жеткирип жатабыз. Жалпыга маалымдоо  каражаттарын колдонуп кылмыштуулук менен  күрөшүп, алдын алуу иштерди аткаруудабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарыбыздын  маданий жана рухий өнүгүүсүнө таасир этсе болот. Алдыда  дагы коомго  пайдалуу көп иштерди аткарып, бирге элге кызмат кылабыз”-деди куттуктоо сөзүндө Марлис Асанов.

Сыйлык алган облустук “Талас байрагы” гезитинин жамааты, Талас облустук медиа  борборунун, Ала-Тоо телеканалынын кызматкерлери жана жергиликтүү маалымат сайттардын өкүлдөрү ыраазычылыктарын айтып, алдыда мамлекеттин өнүгүүсүн максат кылып, бирдикте маанилүү жана алгылыктуу иштерди аткарабыз деп билдиришти.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы