Баткен облусунун Кызыл-Кыяга жакын калктуу конушундагы кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу. Мамлекеттин чек

Чек ара кызматынан билдиришкендей, контрабандага каршы аракеттенүү максатында КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан чек аранын бул тилкесинде күзөтчү чек арачылар үчүн контейнер орнотулду.

Буга жооп кылып, өзбек тарап чек ара заставасын мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакындатуу аракетин жасап, аймакты тазалоого киришкен.

Бүгүн мамлекеттик кадастрдык мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анда тараптар Өзбекстан Республикасынын чек ара заставасын чек ара сызыгына жылдыруу маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын чек ара заставасы өз ордунда кала берүү чечими кабыл алынды. 8-ноябрга чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалып, анда биргелешкен чек ара тозотунун маршруту макулдашылган.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде абал туруктуу.