Кыргызстанда 6-ноябрга карата коронавирус дагы 96 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 41, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 83 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 616 бейтап, амбулатордук түрдө 835 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 764 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 108 киши айыгып чыкса, 2 миң 683 адам каза болду.