Кечээ, 5-ноябрда Бишкек шаарында Европа Биримдиги — Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумунун алкагында КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Франциянын Европа жана тышкы иштер министринин Борбордук Азиядагы экономикалык дипломатия боюнча атайын өкүлү Паскаль Лоро менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр Р.Казакабаев эки тараптуу кыргыз-француз кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн учурдагы динамикасына жогору баа берди, буга дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы, Кыргызстандын Франциядагы элчисинин дайындалышы, ошондой эле 2021-жылдын 1-ноябрында Глазго шаарында өткөн Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында эки мамлекет башчынын жолугушуусу далил.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Энергетика жана суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Бул максаттарга француз тарабынын тиешелүү делегацияларын Кыргызстанга жөнөтүү даярдыгы билдирилди.

Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата арналган иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын башында Кыргызстанда кыргыз-француз бизнес форумун өткөрүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары активдештирүү үчүн келишимдик-укуктук кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.