“Пендеси эч качан тойбойт, кудайым бирди берсе, онду бер деп тилеп, онду берсе баарын бер дейт экен” деп, таэнем көп айта турган. Бул сөзгө жаш болуп анча маани бербеген элем. Бирок, жон териң  менен сезип, бирди эки кылсам, барды көп кылсам деген максатты көздөп, башымдан өткөргөн окуядан соң, таэнемдин сөзүнүн маанисин билдим.

Эл катары  турмушка чыгып, жашоонун ачуу-таттуусун, бар-жогун көрүп, батирлеп жүрүп акырында шаардын ичинен кенен бир бөлмөлүү үй алдык. Кубанычыбыз да чек жок. Үйдө бир жылдай жашаган соң кайра эле кыйынчылыктар башталып, акча жетишпей баштады. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, жолдошум экөөбүз кеңешип  үйдү суткага бере баштадык да өзүбүз жер тамга батирге чыктык. Башында менин керебетимде башкалардын жатканын эстеп бир аз ичим ооруган менен акчасы жакшы болуп жатты. Эки жылдай үйдү суткага берип жүрдүк. Ар кандай адамдар келет, кээде жапжаш кыздар менен улгайган кишилер  таң атканча эс алышат. Кыз жигиттер келет. Чоң-чоң эжелер келет жаш жигиттер менен. Үйдүн ичи ичимдик жыттанып, жаздыктарымдын асты айтууга ооз барбаган нерселерге толуп чыгат. Айла жок жыйнаймын.

Бул бизнесс  жакшы болгону менен, тапкан каражат эч эле жугумдуу болбоду. Бир аз тыйын топтолот өзүнөн-өзү кандай келсе ошондой эле коройт.  Акырында балдарым бат-баттан ооруп баштады, жолдошум кырсыкка учурады. Мунун себебин жакшы билем, таза жол менен акча таппаганым үчүн  болуп жатканын.

Ошондой күндөрдүн биринде, кезектеги клиент чалып калды.Үйдүн дарегин айтып саат мынчага келгиле бошойт деп, өзүм да ошол саатка бардым. Үйдөгү кардарларды чыгарып, жууп жыйнап бүткөндө, кийинки кардарлар келишти. Аларды көрдүм да турган ордумда каттым да калдым. Оозума сөз келбейт. Айылда эң бир абройлуу деген кайын агалардан болот. Жанында эки жапжаш кыз, юпкалары жоон санын араң жапкан. Экөөбүздүн көздөр бири-бирибизди каргандан качып жатты.  Акчычты столдун үстүнө койдум да арты карабай чыгып кеттим. Оюма ар кандай ойлор келет. Айылга айтып барсачы, “түкүнчө шаарда үйүн суткага берип иштейт экен” деп, жоок айтпайт го, айтса өзүнүн айыбы ачылбайбы. Кой ушунчамда токтолоюн, башка эле жумуш карайын, үйүмө өзүм эле көчүп барам, эртең эле деп кобурап келе жаттым.

Ошенттип үйгө кайра келдик, бирок, такыр тынч жашай албадым. Түн ичинде уйкум качат, тушүмө ушул үйдө болгон нерселер кирип.  Акырында молдо алып келип, дем салдырып, үйдү тазалатып, кайрадан оңдоп, жаңы туш кагаздарды чаптадык. Бирок, бир топ кыйналып жүрдүм. Кандай болгон күндө да таза жол менен  жан багып, адал  жол менен иштеп, маңдай тери менен  тапканга жетпейт экен.

 

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.