Кечээ Бишкекте Борбор Азия Медиа фонду ачылып, аны журналист Ибраим  Нуракун уулу жетектемей болду. Бул тууралуу фонддун жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, фонддун негизги максаты, Кыргызстандагы  журналисттердин башын бириктирип, өз ара пикир  алышууга, тажрыйба алмашууга платформа түзүү.

«Сиздерге жакшы жаңылыгыбыз бар. Бүгүн биздин бир нече айлардан берки аракетибиздин натыйжасында Борбор Азия Медиа Фонду өз ишин баштады. Ал үчүн 7 кишиден турган чакан команда топтодук жана жакынкы жылдарга пландарыбызды бекиттик. Фондубуздун негизги максаты Кыргызстандагы, кийинчирээк жалпы Борбор Азия мамлекеттериндеги журналисттердин башын бириктирип, өз ара пикир  алышууга, тажрыйба алмашууга платформа түзүү. Андан тышкары, бизге окшош башка  медиа уюмдар, эксперттер менен тыгыз кызматташып, журналисттер үчүн окууларды, сынактарды жана тренингдерди уюштурмакчыбыз. Журналистика багытындагы окуу куралдарын, видео, аудио материалдарды даярдайбыз. Албетте, фонддун жыл сайын  сыйлыгы да болот деп турабыз. Биз бара-бара маданий, аналитикалык борборго айланабыз деген тилектебиз,” – деп жазды ал.