“Түндүк электр” ААК электр энергиясын эсептегичтерге чектөө киргизди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Чечим суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо боюнча кабыл алынды. Бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизилди.

«Абоненттер электр эсептегичтерге күч келбеши  үчүн электр шаймандарын бир калыпта колдонушу керек. Абоненттер ар кандай суроолор боюнча биздин күнү-түнү иштеген call-борборубузга 1209, 0772001209, 0702001209 жана 0556001209 телефондору аркылуу кайрылса болот. Ошондой эле 0551001209 WhatsApp номерине билдирүү жөнөтсөңүз болот», — деп билдирди «Түндүк электр».