Милициянын кайгуул кызматкерлери көпүрөдөн өзүн таштайм деген жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматкерлери басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-ноябрда болжол менен саат 22:05 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Алматы көчөсүндө жайгашкан көпүрөдөн бирөө секиргени аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1993-жылы туулган Б. А. аттуу жаран көпүрөдөн өзүн таштаганга аракет кылып жаткандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, секирүүгө аракет кылып жаткан жаранды куткарып калышкан.

Белгиленгендей, кийин бул жаранды Свердлов райондук ИИБга жеткирип, туугандарын чыкырып өткөрүп беришкен.