Кыргызстандын Улуттук банкы биринчи жолу валюта рыногуна ноябрь айында интервенция менен чыкты. Бул тууралуу каржылык жөнгө салуучу органдын сайтында айтылат.

Бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 55,4 миллион доллар сатылган. Бул акыркы алты айдагы эң чоң интервенциялардын бири.

2021-жылдын башынан бери Улуттук банк он интервенция жасап, 454 миллион 350 миң доллар сатты.

Белгилей кетсек, КР Улуттук банкы валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн интервенцияларды жүргүзүп жатат.