Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды кайрадан коронавируска каршы вакцина алууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

«Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады», — деп жазган президент Жапаров.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 1 млн 16 миң 696 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 790 миң 727 жаран экинчи компоненти менен эмделди.