Казакстан Мажилисинин депутаттары Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик жардам көрсөтүү боюнча бир нече келишимдерди ратификациялады.

Коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев парламенттин пленардык жыйынында билдиргендей, 2021-жылдын 2-мартында Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

«Келишимде аскердик мүлктү, ок-дарыларды жана атайын техниканы кыргыз тарапка бир жолу берүү каралган. Аскердик техниканы Кыргызстандын Кой-Таш айылына автотранспорт менен жеткирүү чыгымдарын казак тарап камсыздап, өзүнө алат. Кыргыз тарап алган аскердик мүлктү же аны пайдалануу укугун үчүнчү жакка бербейт», — деди Шпекбаев.

Аскердик техниканын Кыргызстанга берилиши Казакстандын күжүрмөн даярдыгына жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнө эч кандай таасир этпейт, анткени жардам Куралдуу Күчтөрдүн учурдагы кошумча запастарынан берилип жатат, деди ал.

2021-жылдын 17-апрелинде Казакстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн ортосунда акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Анда аскерий мүлктү, атап айтканда ок-дарыларды тажик тарапка бир жолу берүү каралган.

«Казакстан тарап Жамбыл облусунун Отар станциясынан Дүйшөмбү шаарына темир жол аркылуу аскердик техниканы жеткирүү боюнча чыгымдарды камсыздайт жана өзүнө алат. Тажик тарап алган аскерий мүлктү же аны пайдалануу укугун үчүнчү жакка бербейт», — деди Шпекбаев.

Шпекбаевдин айтымында, тажик-ооган чек арасынын чектеш аймактарындагы коопсуздуктун учурдагы абалына, ошондой эле регионалдык коопсуздукка коркунучтардын жана чакырыктардын күчөшүнө байланыштуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүү, бул коркунучтардын мизин кайтаруу жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн коопсуздугун чыңдоо.