Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №512 «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 1125 чечиминин негизинде кабыл алынган.