Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду. Анда кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар жана шарттары менен эс алуу бөлмөсү, атайын унаа токтоочу жайлары да каралган.

Жаңы имараттын ачылышына КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана Кара-Көл шаардык бийлик өкүлдөрү катышты.

Аземде генерал-лейтенант К.Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлкеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди.