Кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алынды.
«Бүгүн Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келди. Рельстер жаңы, 2021-жылы чыгарылган жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельс төшөй баштайбыз», — деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.
- акырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
— темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин («Балыкчы» станциясынан 148-чакырым чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;
— 3729 чм темир жолдон 3733 чмга чейин — 5 чм рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);
— темир жолдун 3676 чм (“Мерке-Чалдовар”) 1 чакырым рельс төшөлөт.
Иш-чара “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатында аткарылууда.