Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Белгилесек, көрсөтүлгөн объектилер Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы — «Чайна Роад энд Бридж» компаниясы. Эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1076 жана 396 метрди түзөт. Көпүрөлөр жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал-Казарман автожолунда жайгашкан.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев министрлер кабинетинин башчысына Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун алкагындагы долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун жана Кыргыз Республикасындагы Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында эки эстакадалык көпүрөнү жана 100 километр жолду пайдаланууга берүү аземи болуп өттү.

«Биз Кытай Эл Республикасына ушундай татаал инженердик курулуштарды курууга жардам көрсөткөндүгү, ошондой эле жергиликтүү калкка бул процессте кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жолдор чоң роль ойнойт. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу аймактардын жана бүтүндөй өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизет», — деди Акылбек Жапаров. Мындан тышкары, Акылбек Жапаров «Макмал Голд Компани» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты.