2021-жылдын 9-ноябрында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясында Борбордук Азияда Facebookтун программаларын жана аспаптарын жүзөгө ашырууга жооптуу болгон өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу болуп өттү.  Бул тууралуу БШК нын басма сөз  кызматы  кабарлады.

Жолугушуу БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы офисинин колдоосу менен «Жарандык интернет саясат» КФ тарабынан уюштурулду.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы болуп өткөн шайлоолордо натыйжалуу кызматташуу көрсөткөндүгү үчүн Facebookка ыраазычылыгын билдирди.

“Социалдык тармактар бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да, шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүдө маанилүү роль ойноп келет. Алар баарлашуунун жана маалыматты таркатуунун маанилүү каражаттары болуп эсептелет. Андыктан, биз Facebook тармактары тарабынан буга чейин жасалган кадамдардын канчалык маанилүү экендигин белгилеп кетмекчибиз. Ал шайлоо өнөктүгүнүн, партиялардын жана талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул, ошондой эле, жалган саясий жарнамалардын жайылтылышы менен күрөшүү үчүн күчтүү негиз боло алат”, — деди БШКнын төрайымы.

Жооп иретиндеги куттуктоо сөзүндө Facebookтун мамлекеттик саясат боюнча директору Джордж Чен Кыргызстанда «Meta» катары белгилүү болгон «Facebook family Appsтын» маанилүү ролун баса белгилеп кетти.

«Биз Кыргызстан Өкмөтү менен жакшы мамиледе болгонубузга сыймыктанабыз. Ал эми өткөн жумада биз Глазгодо (Шотландия) болуп өткөн COP 26 климаттык конференциясы учурунда биздин стендди келип көрүшкөн КР Президентин жана министрлер кабинетинин башчысынын орун басарларынын бирин кабыл алуу урматына ээ болдук.  Президент Садыр Жапаров дүйнө менен алака түзүү жана Кыргызстандын имиджин көтөрүү үчүн социалдык медиа каражаттарын колдонуу зарылдыгы тууралуу белгилеп кетти. Биз Кыргызстан менен ар кыл өӊүттө, анын ичинде шайлоолорго байланыштуу да иш алып барабыз, Борбордук шайлоо комиссиясынын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү үчүн биздин кызматташтыгыбыз улана бермекчи» — деп баса белгиледи ал.

Facebook бар мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык контент (мазмун) боюнча коомчулуктун эрежелери тууралуу Борбордук Азиядагы жана Түштүк Азиядагы Ыкчам чара көрүү программасынын аймактык менеджери Наташа Джог кеӊири баяндап берди.

«Бизде «Мета» платформасында каттоого алынган жазуулардын колдонуучуларынын жүрүм-турумунун стандарттары бар. Биз эмнелерге жол берип, эмнелерге тыюу сала тургандыгыбыз, ошондой эле бизде, атап айтканда, аккаунттардын аракеттерин токтоткондо кандай жаза колдонулаары тууралуу айткым келип жатат. Биз таптакыр кабылдабаган жана толугу менен тыюу салган белгилүү бир контенттер бар. Буга типтүү мисал катары — терроризмди, экстремизмди, балдарды эксплуатациялоо сыяктуу көрүнүштөрдү айтууга болот. Эгер биз «Мета» корпоративдик көз караштан ушул өӊдүү мыйзамсыз көрүнүштөргө күбө болсок, анда мындай Facebook пайдалануучуларды эсепке алуу жазууларына дароо бөгөт коёбуз. Бул биздин Facebook тарабынан берген кепилдигибиз. Мындай саясат Гонконгдо же Кыргызстанда болуп жатабы, ал маанилүү эмес, ал «Мета» иштеп жаткан бардык өлкөлөргө карата колдонулат.

Ал эми шайлоо мезгили тууралуу айтсак, ошол эле корпоративдик саясат колдонулат. Биз ыйгарым укуктуу орган, айталы, БШК тарабынан берилген арызга ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузган же алдамчылыкка жол берип, шайлоочуларды адаштырган, башкача айтканда, шайлоонун легитимдүүлүгүн бузган кандай гана контент болбосун, аны дароо өчүрүп салабыз. Андыктан, эгер биз далилдер жана фактылар менен тастыкталган расмий кат ала турган болсок, анда Facebookтун корпоративдик эрежелерин териштирүү боюнча комитетибиз ар бир жагдайды жекече карай тургандыгын Сизге убада беребиз. Анткени, биз шайлоонун чындыгы жана ачык-айкындуулугу сыяктуу маселеге өтө олуттуу мамиле жасайбыз.

Ачык-айкындуулук чаралары – тынымсыз жаӊылап туруучу абдан маанилүү аспап болуп эсептелет. Бизде акыркы жаӊылоо 6-ноябрда болгон.

Биз БШК менен иш алып барганыбызга абдан кубанычтабыз. Дүйнө жүзүндөгү бардык БШКлардын эӊ башкы максаты – чыгымдарга көзөмөл жүргүзүү, алар канчалык деӊгээлде мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жаткандыгын, мыйзамда каралган лимиттен ашпагандыгын көзөмөлгө алуу. Аталган аспап силердин мыйзамдарда белгиленген лимиттен ким ашып жаткандыгын, ачык-айкындуулук болуш үчүн: бул адам кайда жүргөндүгүн, тигил же бул саясий жарнаманын артында кайсы саясий партия тургандыгын, ким бул жарнамага канча каражат сарптагандыгын көрүүгө мүмкүндүк берет» — деди Наташа Джог.

Джордж Чендин айтуусунда, КР БШК үчүн санариптик китепкана Facebookта каттоого алынган аккаунттардан, Facebook пайдалануучуларды эсепке алуу жазууларынан чыгуучу потенциалдуу саясий жарнамаларга мониторинг жүргүзүү үчүн керек болгон бүткүл маалыматты алуунун булагына айланмакчы.

(Маалымат үчүн: Саясий жарнамалардын баары Жарнама китепканасына киргизилет, ага www.facebook.com/ads/library/report дарек боюнча кирүүгө болот, анын үстүнкү баракчасында Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек).

«Биздин бардык тутумдарыбыз, бардык өлкөлөр үчүн, анын ичинде силердин өлкө үчүн да бирдей шартта иштейт. Силердин бул санариптик китепканадагы активдүүлүктү көзөмөлгө алууӊар Кыргыз Республикасындагы иштеп жаткан шайлоо мыйзамдарынын талаптарына жараша болмокчу.  Алсак, АКШда алар башка болсо, Кыргыз Републикасында алар башка экени белгилүү. Ишенип коюӊуздар, тигил же бул Facebook пайдалануучуларды эсепке алуу жазууларынан чыккандардын баары санариптик китепканада чагылдырылат. Ал эми верификация тууралуу айтсак, биз БШК өзүнүн көзөмөл тизмесин жүргүзүүсү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайбыз. Верификация – бул талапкерлердин жалган аккаунттары үчүн кооптуулукту төмөндөтүүнүн мыкты ыкмасы, биз муну башка өлкөлөрдө да жасайбыз, саясий контент, жарнама менен байланышкандардын баарын биз Кыргызстан үчүн да сунуштамакчыбыз» — деп түшүндүрдү Джордж Чен.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну улантууга даярдыгын билдиришти жана КР БШК күтүлүүчү парламенттик шайлоого катышуучу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча каттоого алынган бардык партиялардын жана талапкерлердин тизмесин Facebookка көрсөтө тургандыгы тууралуу келишим түзүштү, муну менен өз саясатынын алкагында инсанды документалдык тастыктоо аркылуу идентификациялоо жүрмөкчү, бул учурда белгилүү аккаунт алдында кандай адам катталгандыгы белгилүү болот.

КР БШК төрагасы Facebookтун мүмкүн болгон даттанууларды жекече кароого даярдыгына ыраазычылыгын билдирди.

«Жалпысынан, учурда негизги талапкерлер жана партиялар өз билдирүүлөрүндө тыюу салынган ыкмаларды, тыюу салынган контенттерди колдонушпагандыгын көрүүгө болот. Бирок, азырынча бизде партиялардын негизги аккаунттарынын тар чөйрөсүнө гана мониторинг жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми силерден маалымат ала турган болсок, соцтармактарда маалыматтык талааны, «МЕТА» тармактарынын бөлүгүндө мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болот, бул бизге  чыныгы шайлоодо маалыматтык жагдайдын тазалыгы боюнча чараларды көрүүгө чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү бермекчи.

Ал эле эмес, кандай гана маалыматтык аспап болбосун, аларды мыйзамдуу жана туура пайдалануу зарылдыгы жөнүндө шайлоонун бардык катышуучуларына эскертүү катары, бүгүнкү күндөгү жолугушуу фактысынын өзү эле канчалык маанилүү» — деп баса белгиледи, Н.Шайлдабекова.