Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамы келип түштү.

Мыйзамдын максаты 2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Бул макулдашууга ылайык жогоруда аталган академиянын бюджетинин отчеттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат. Академия түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана програмаларды колдоого алып жана каржылайт. Түрк маданияты жана мурастарын калыбына келтирүү жана илгерилетүү, коргоо жана калыбына келтирүү максатындагы илимий жана техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.