Талапкер Улан Примовго таандык «Ош Пирим» теле каналынын директору Абай Нур Кылычбеков, Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Замирбек Бөжөнов боюнча айыптоо пикирин фейсбукта баракчасына жазды.

«Мына Бөжөнов деген Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжалык ОшМУнун студент, мугалимдерин айылдарга жөнөтүп, тууган-уруктарына айттырып толук админ.ресурсту колдонуп жатканы айтылууда.

Мугалимдер безилдеп калыптыр. Анткени эки тоонун чөбүн бирдей эңсеген бу киши ОшМУдагы проректорлук ишин да убактылуу тапшырып, таасири ошол боюнча.

Студенттер менен мугалимдерди суу жүрөк кылып бүтүптүр. Айтсаңар иштен, окуудан айдайм деп ачык эле шантаж кылууда.

Бирок жакында бул боюнча жетиштуу фактылар топтолуп, коомчулукка жана укук коргоо органдарына берилет! Мындан сырткары Өзбекстандык студенттерден 1000-2000 доллардан доля алганы боюнча да кыңыр иштерин угуп жүрөбүз.   Бул да укук коргоо органдары тарабынан тырык иликтене турган маселе. Ушинтип жатса коррупцияга белчесинен батпаган деп ким айта алат бул кишини?

Бөжөнов өзү жалган-чынды аралаштырып пост жазып, астына пикир билдиргендерди өчүрүп, блоктоп качууда. Буга окшогон сын көтөрө албаган суу жүрөктөр элди эптей албайт! Ушуга окшогон кумалактар өзүн мыкты көрсөтүп жаткан ОшМУнун ректоруна зыяны тийүүдө…